Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Баткенден 293 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти
23.07.2023 | 09:30
Баткенден 293 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 23-июлда Баткен облусунан Ысык-Көлгө эс алууга жөнөгөн балдарды Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер Баткен шаарынан узатышты.
Балдардын эс алуусу акыркы чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдарын, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо макстында мамлекет тарабынан уюштурулду.
Аларды 17 коштоочу мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти.
Балдар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-балалык” ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом