Чек арадан кармалган адам Ташиевдин уулу менен таанышмын деп коркуткан — видео

Чек арадан кармалган адам Ташиевдин уулу менен таанышмын деп коркуткан — видео

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда,  22-июлда саат 02:30дар чамасында «Актилек-автодорожный» өткөрүү пункту аркылуу «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаа чек ара сызыгына баш ийбей, каршы тилкеде өткөрүү пунктунун аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Кыргызстандын жараны С.А.Э. токтотулган.

Кармоо учурунда С.А.Э. аттуу жаран жоопкерчиликтен качуу максатында, аскер кызматкерлерин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин таанышы болом деп коркуткан.

УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында С.А.Э. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал эми кармалган жаран УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>