Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Базар-Коргондо дайынсыз болгон өспүрүмдү издөө уланууда
04.04.2023 | 11:50
Жалал-Абадда төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-март күнү Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
“Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, кошумча ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом