Депутат жаңы жол эрежелериндеги жазаны жеңилдетүүнү сунуштады

Депутат жаңы жол эрежелериндеги жазаны жеңилдетүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоор өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайды эске алуу менен, Кыргызстандын жарандары үчүн, өзгөчө айдоочулар үчүн коомдук-социалдык бакубатчылыкты түзүү максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 8-мартынан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирген. Мындан улам депутат жол кыймылынын эрежелерин бузуунун натыйжасында олуттуу эмес кесепеттерде жазаны жеңилдетүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жиберүү бөлүгүндө түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.

Биринчиден, “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ушул Кодекстин 21-главасында каралган укук бузууларды жасаганда салынган 3000 сомдон ашкан айып пулду ушул Кодекстин 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузганда транспорт каражатын башкаруудан четтетүү каралган. Ушуга байланыштуу демилгечи айып пулдун суммасын 8000 сомго жогорулатууну кайра карап чыгууну сунуштап жатат, бул сумма айып пулду төлөө мөөнөтүн бузганда транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болот.

Экинчиден, бир жылдын ичинде үч жана андан көп жолу жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүү жобосуна дагы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, тактап айтканда эрежелерди бузуулардын санын кайра карап чыгып, жети жана андан ашык жолкуга өзгөртүүнү сунуштап жатат.

“Жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуга экзамендерди кайрадан тапшыруу жөнүндө кабарланган мөөнөттөн тартып, ал экзамендерди ийгиликтүү тапшырган учурда, айдоочунун жаңы күбөлүгүн алган мөөнөткө чейинки процессуалдык бөлүк жарым жылга чейин созулушу мүмкүн экендигин белгилеп кетүү керек. Бул убакыт аралыгында айдоочу, тактап айтканда, жүргүнчүлөрдү жекече ташуу менен алектенген айдоочу жашоо тиричилигинен каражаты жок калышы мүмкүн”, — деп белгилейт демилгечи.

Үчүнчүдөн, Мыйзам долбоору менен 187-берененин 3-бөлүгүндө жана 192-берененин 2-бөлүгүндө каралган жобону эреже бузган транспорттук каражаттардын айдоочуларын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүү үчүн негиздердин катарынан алып салуу сунушталууда.

“Себеби, өзгөчө, борбор калаада унаалардын бузулушуна алып келүүчү жол кыймылынын эрежелерин бузуу көп кездешет, анткени жогоруда баяндалгандай, айдоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн эмес. Ошондой эле ылдамдыкты саатына 40\60 чакырымдан кем ылдамдыкка ашыра айдоо көп кездешет, булардын көпчүлүгү форс-мажордук жагдайдан улам келип чыгат”, — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Белгилей кетсек, жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер 2023-жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирген.

Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт, айып пул көбөйдү. Жаңы эрежелер

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>