«Ким утса, ошол өтсүн». Президент депутаттыкка шайлоо тууралуу

«Ким утса, ошол өтсүн». Президент депутаттыкка шайлоо тууралуу

Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигинин Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өтө турган шайлоо тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Журналист президентке «депутаттыкка талапкер президентке кирип жолугуп, батасын алыптыр…» деген сөздөр чыгып жатканы тууралуу суроо узаткан.

«Мен эч бир талапкерди кабыл алган жокмун жана кабыл албайм дагы. Биз илгерки замандагы мындай жосундарды унутушубуз керек. Саясатчылардын баары шайлоолор боюнча жаңы заман келгенин билип, сезиши керек.

Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине дагы жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз», — дейт Жапаров.

Анын айтымында, ал депутаттыкка ат салыша тургандар БШКдан каттоодонөткөндөн кийин талапкерлер менен жолугушуу пландоодо.

«Каттоо бүткөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талапкерлердин баарын чогултуп, чогулуш өтөм деген планым бар. Менин максатым – шайлоону таза, калыс, ачык өткөрүү. Ар бир талапкердин ишенимдүү адамын борбордук шайлоо штабындагы автоматташтырылган шайлоо системасына киргизип, өз көздөрү менен көзөмөлдөтүү. Адатта утулуп калган талапкерлердин «…жасап коюшту, болбосо мен көп добуш алгам…» деп, дароо кыйкырып чыкмай адаты бар эмеспи. Талапкерлер добуштарды компьютер эсептерин, адам баласы эсептегенге мүмкүн эмес экенин ишенген адамдарынын көзү менен көрүп олтурушса деген ойдомун.

Адам баласы эсептен жаңылышыбыз мүмкүн. Ал эми компьютер жаңылбайт. Шайлоо системасы бизде компьютерлештирилген, автоматташтырылган. Сервердин ичине адам кирип кете албайт. Ар бир урна ачылары менен жыйынтыгы автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясында турган серверге келип түшүп турат. Жалпы жыйынтыгы жарым саат, бир сааттын ичинде эле чыгып калат. Андан кийин талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын катышуусунда бюллетендер кол менен дагы саналат», — дейт ал.

Президент мындан ары Кыргызстандагы шайлоолор таза өтөрүн билдирди.

«Кыскасы мындан ары кандай гана шайлоолор болбосун, таза өтүп турат, буюрса. Мен чоң шайлоого кийлигишкен жокмун. Анан ушул бир округдун шайлоосуна киришмек белем. Кимиси марага биринчи келсе, ошол талапкер депутат болсун. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Шайлоолордун башаламандык менен таза эмес өткөндүгүнүн кесепетинен үч жолу төңкөрүш болду. Мындан ары андайга жол да, негиз да бербейбиз. Элдин добушун сатып алам деген бай талапкерлер дагы андай ойлорунан азыртан кайтыш керек! Биз шайлоолорду таза өткөрүүгө бет алганбыз. Ушул багытты баарыңар колдоп, коштоп турушуңар зарыл! Болбосо эч качан оңолбойбуз», — дейт Жапаров.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>