БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бекжан Рысмендеев транспорт министринин орун басары болду
14.11.2023 | 20:52
Бекжан Базарбаевич Рысмендеев транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Б.Рысмендеев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
Бекжан Рысмендеев 1990-жылы туулган. Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин өнөр жай-курулуш факультетин бүтүргөн.
Буга чейин Акунаалы Досалиев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кызматынан бошотулганы белгилүү болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар