Нурлан Шакиев Палестинанын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Нурлан Шакиев Палестинанын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джавад Авад менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакалар тууралуу сөз болуп, элчи Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Төрага Нурланбек Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгилеп: “Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз”, – деди.

Муну менен катар жакында Эр-Рияд шаарында Палестина аймагындагы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз VIII Ислам саммити өткөрүлгөнүн эске салган төрага: “Жогорудагы иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, ок атышууну токтотууга, ошондой эле эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги жарандарга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга чакырды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алдык. Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен гуманитардык жардамдар да жөнөтүлөт”, – деди.

Өз кезегинде Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джавад Авад Израилдин баскынчылыгы 7-октябрда эле башталбагандынын белгилеп: “75 жылдан бери уланып келе жаткан зомбулук азыркы учурда түрдүү алааматтар менен коштолууда. Акыркы баскынчылыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жаракат алды. Алардын 75%дайы жаш балдар” – деди.

Ошондой эле элчи Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоосун көрсөткөн президентке, Жогорку Кеңешке жана жалпы элине ыраазычылыгын айтты.

“Биз көрсөткөн көмөгүңөрдү эч качан унутпайбыз. Тилекке каршы берилген гуманитардык жардамдарды Палестина элине жеткирүүгө да тоскоолдук жаратып, ооруканаларды да талкалап жатышат. Андыктан, дүйнө коомчулугун Израиль баскынчылыгын токтотууга чакырабыз”, – деди.

Алсак, Джавад Авад элчилик ишмердүүлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстанда айкалыштыра аткарат. Ал эми резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>