Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
“Белек” тасмасы «Азия Оскары» сыйлыгына көрсөтүлдү
29.06.2023 | 14:41
Кыргызстандык “Белек” толук метраждуу тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгына (APSA) көрсөтулдү. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, режиссер Дальмира Тилепберген тарткан тасма “Жаштар тасмасы” категориясында сынакка катышат. Сыйлоо аземи быйыл күз айларында өтөт.
APSA сыйлыгы 2007-жылы түзүлүп, эл аралык сыйлыктар арасында жылдан-жылга кадыр-барктуу болуп келет. Ал кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп айтылат.
Тасма тууралуу: Бир күнү жети жаштагы Арно аттуу кыз эрининдеги калы сыйкырлуу экенин, каалоо-тилектерди аткарарын билип калат. Анын башкы кыялы – көптөн бери эркек балалуу болууну көксөгөн атасына уул болуу…

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз