Парламент Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Парламент Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Конституциялык мыйзам долбоору Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.

Буга чейин президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкөдө саясый кризис түзүлсө, курултай кезексиз жыйынга чогулуп, элдин атынан чечим кабыл алуу укугуна ээ экендигин белгилеген.

Белгилей кетсек, былтыр мыйзам өтпөй калгандыктан президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, курултай өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп Бишкек шаарында  курултай өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>