Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, каттам жабылдыКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтСадыр Жапаров Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугуштуVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөтКытай парламентинин төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу менен тааныштыСалык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводуна барды
Бийликтин фейк армиясы барбы? Маданият министринин жообу
04.03.2024 | 17:16
Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева маданият министри Алтынбек Максутовдон бийлик тарабынан каржыланган фейк армия тууралуу сурады.
“50 миң адамы бар фейк армия тууралуу айтылган. Ошону тактап кетсеңиз. Аны Дайырбек Орунбеков жетектейт деп айтышат, чынбы?”, -деп кайрылды эл өкүлү.
Алтынбек Максутов фейк армиянынан кабары жоктугун айтты.
“Бизге мындай армия даярдоо боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес”, – деди ал.
Белгилей кетсек, комитет жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Акыйкатчы “ММК жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады
Рубрики: Жаңылыктар, Коом