Акыйкатчы «ММК жөнүндө» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады

Акыйкатчы «ММК жөнүндө» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жаңы даярдалган «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу акыйкатчы бүгүн, 31-октябрда «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун жана сөз эркиндиги боюнча жагдайга арналган техникалык консультациянын маалында билдирди.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорунун адам укуктары жана эркиндиктерин сактоого байланыштуу бөлүгүнүн сунушталып жаткан редакциясына анализ жүргүзгөн. Институт толук кандуу талдоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдарга кайрылган. ЖМКнын өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорунун демилгечилеринин позициялары эске алынган.

Натыйжада Акыйкатчы институту жаңы редакциядагы «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу керек деген жыйынтыкка келген.

«Мыйзам долбоорундагы эл аралык укук жана жалпы таанылган принциптерге карама-каршы келген ченемдерди алып салуу зарыл. Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана сөз эркиндигин камсыздоонун зарылдыгын баса белгилейт.

Көз карандысыз бейтарап орган катары биз бардык кызыкдар болгон  тараптарды адам укуктары менен эркиндиктери жаатында стандарттарды толук сактоо жана эң жогорку деңгээлде камсыздаш үчүн диалогго чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>