Адылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алды
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт
04.03.2024 | 16:47
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркектер жана кыз-келдиндер арасында өтөт. Ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышат.
Салмак категориялар:
Эркектер арасында: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
Кыз-келиндер арасында: 55, 60, 66, 74, 84, +84 кг.
Белгилей кетсек, өлкө чемпионаты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.