Жапаров Путинди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктадыОш шаарында сары автобустар окуучуларды акысыз ташый баштады«Кызгылт октябрь»: аялдар эмчек рагы жөнүндө эмнелерди билиши керек?Кыргызстанга чет элдик инвестициялар 2025-жылы 22%га өстүАбдибаева сөздөрү атайылап бурмаланганын айтып, УКМКга кайрылганын билдирдиНарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылды
Эңилчекте мектеп күйүп кетти. Балдар айыл өкмөттүн имаратында окуп жатат
04.03.2024 | 18:02
Ысык-Көлдүн Эңилчек айылында 3-мартта башталгыч мектептин имараты күйүп кетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда мектептин окуучулары айыл өкмөттүн имаратында окуп жатат, окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок.
Аталган мектеп 1970-жылы ишке берилген. Ал 50 орунга эсептелген. Учурда ал жакта 23 бала билим алып жаткан.
Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн чыгуу себептерин аныктоодо, анын жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом