Бир күндө 81 адамдан коронавирус табылып, 107 адам илдеттен сакайды

Бир күндө 81 адамдан коронавирус табылып, 107 адам илдеттен сакайды

Соңку суткада коронавирус 81 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрдагы брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Бишкекте 7,  Ошто 4, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 22, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусу нда 8, Жалал-Абад облусунда 13, Баткен облусунда 15 адамдан COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдеттери табылды”, — деди Акматова.

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45153кө  жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  107 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 9 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 41 317ге жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>