Сокулук жана Аламүдүн райондорунда Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдөМурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылдыМАР Кыргызстанда бала бакчаларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү үчүн кредит жана грант беретКыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат«Тест татаал түзүлгөн»: ЖК депуттары Москвага барып, мигранттардын балдарына берилүүчү тестти тапшырып көрүштүУлуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча камалды
Бир түндө 55 мас айдоочу кармалды
31.12.2024 | 17:17
Кыргызстанда 31-декабрга караган түнү рейд өткөрүлүп, 55 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 31-декабрга караган түнү өлкөдө жол эреже бузган 2 миң 84 айдоочу аныкталып, 214 унаа айып короого коюлган.
Алардын ичинен 55 айдоочу мас абалда унаа башкарганы үчүн кармалган. Ошондой эле 64 айдоочуда тиешелүү документтери болгон эмес, 467 киши ылдамыкты ашырып айдаган, 31 айдоочу карама-каршы тилкеген чыккан.
Рейд 1-январга, Жаңы жылга караган түнү да өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом