Биринчи май райондук соту «Чачтын» баш коргоо чарасын карады – сүрөт

Биринчи май райондук соту «Чачтын» баш коргоо чарасын карады – сүрөт

Биринчи май райондук соту “Чач” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедовдун баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери аяктагыча камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлайт.

Белгиле кетсек, Эрнис Мурзахмедов 20-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. Ал Беларуста киши колдуу болгон криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин тобунда жүргөн. Мындан сырткары Кыргызстандын аймагында бир катар кылмыш иштерге катышы бар экени айтылган.

УКМК буга чейин «Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчиси Рашид Бостонов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн ишкерлерге каршы аракеттерди жасоо үчүн колдонуп келгени тууралуу билдирүү тараткан.
[su_image_carousel source=»media: 49462,49461,49460″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>