Бүгүн саат 8.30да Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 153-чакырымында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир аял каза болду. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди.
«Күбөлөрдүн айтымында, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Балыкчы шаарынын 67 жаштагы тургуну Р.А. катуу ылдамдыкта келе жатып, чукул бурулушта рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчүлөр: 69 жаштагы К.Ф. жана 68 жаштагы М.М. Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми 61 жаштагы А.М. алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, каза болгондор жана жабыркагандар Балыкчы шаарынын тургундары. Унаа убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү. Экпертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.