Айыл чарба министрлиги керектүү продукция менен камсыз кылууну убада кылды

Айыл чарба министрлиги керектүү продукция менен камсыз кылууну убада кылды

Орусиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан жана кумшекер экспорттоого убактылуу тыюу салышы Кыргызстандын Айыл чарба министрлигин тынчсыздандырбайт. Бул убактылуу гана тыюу салуу. Бул тууралуу маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Ал белгилегендей, убактылуу тыюу салуу жеткирүүлөрдү толук токтотууну билдирбейт.

«Биз Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү менен азыртан эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Керектүү продукцияны импорттоо болот. Азыр өндүрүүчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында 2,5-3 айга керектүү товарлардын запасы бар», — деди Аскарбек Жаныбеков.

Мындан тышкары Кыргызстан Орусиядан буудай, кант, канаттуулардын эти, өсүмдүк майы жана азык-түлүк коопсуздугу тизмесине кирген бир катар башка товарларды импорттойт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>