Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бараткан автобуска бак кулады (видео)
29.03.2022 | 16:27
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары отурган автобустун үстүнө бак кулады. Бул маалыматты Reporter.kg′ге Бишкек шаардык кеңешинен тастыкташты.
Окуя бүгүн, 29-мартта саат 14:00 чамасында Бишкек шаарына Ысык-Көл облусу тараптан кире бериште болгон.
Депутаттар менен кошо да башкалар кызматкерлер Ысык-Көл облусунда үй-бүлөлүк зомбулук темасы боюнча үч күндүк семинарга катышкан. Окуудан кайтып келе жаткан учурда катуу шамалдан улам алардын кичи унаасына бак кулап түшкөн.
Адамдардан эч ким жабыркаган жок, болгону унаа зыянга учурады.
Буга чейин Бишкек мэриясы катуу шамал болоорун айтып, жарандардын сак болууга чакырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар