(ВИДЕО) Камчыбек Кыдыршаевич, ой! Депутат жаңылып калды

(ВИДЕО) Камчыбек Кыдыршаевич, ой! Депутат жаңылып калды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйында комитет төрагасы Азисбек Турсунбаев  кесиптеши Шайырбек Ташиевди агасы Камчыбек Ташиевдин атын атап жаңылып калды.

Комитет төрагасы жыйынды алып барып жатып Шайырбек Кыдыршаевич деп кайрылам деп жатып, Камчыбек Кыдыршаевич деп кайрылды. Шайырбек Ташиев күлүмсүрөп сөзүн улап кетүүгө аракет кылды.

 

Буга чейин да депутаттар Шайырбек Кыдыршаевичтин агасы Камчыбек Кыдыршаевичтин атын атап алган учурлар болгон.

Шайырбек Ташиев Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Ал парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып, парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына мүчө болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>