«Жаштык Аренада» КРСУнун тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтөтБУУнун башкы катчысы: жасалма интеллект теңсиздикти эмес, адамдарды колдоого тийишAir China Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачатБишкекте баңгизат колдонгон абалдагы айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти18-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43° чейин көтөрүлөтМанастагы «Даңк аллеясы»: аза күткөн эне, өчпөс от жана үч миң ысым
Балыкчы: Колледж мамлекетке 2 млн сомдон көп акчага зыян келтирди
29.03.2022 | 17:01
Жергиликтүү прокуратура тарабынан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы Балыкчы шаардык колледжинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүдө, 2018-жылы колледждин директору Б.Г. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу имараттын 3-кабатын жана жер тилкесин “А.Д.” ЖЧКсына төмөн баада 5 жылга ижарага берүү тууралуу келишим түзүп, бирок белгиленген ижара акы дагы колледждин кассасына кириштелбей, мамлекетке 2 млн 83 миң 905 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар