Кара-Суу базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Милиция териштирүү баштады

Бүгүн, 18-ноябрда, Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарында иштеген соодагерлер райондук администрациянын алдына нааразычылык акциясына чогулуп, соода орундарынын ижара акысын азайтуу боюнча талаптарын билдиришти.
ЖМКлардын маалыматында, соодагерлер базардагы ижаранын жогорулашына жана аларды колдонуу тартиптеринин өзгөрүшү боюнча нааразычылыгын билдирип, чогулушту. Алардын айтымында, базар администрациясы ижара акысын дээрлик эки эсеге көтөргөн. Ошондой эле жаңы эрежеге ылайык, контейнерлерди башкага ижарага берүүгө тыюу салынат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди. Ошондой эле окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жарандарга коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү маалымдалды.
Милиция көтөрүлгөн маселе жетекчиликке жеткирилип, аны чечүү боюнча сунуштар каралып жатканын кошумчалады. Ал эми базар администрациясы айтылган пикирлер каралып, чечим чыгарыларын билдирген.