1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулуудаЭВФ Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнөлүк экономика үчүн тобокелдиктер тууралуу эскертти
Бишкекте бейтааныш адамды сабап салган шектүү кармалды
12.04.2023 | 10:13
Бишкекте ден соолукка оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-февраль күнү жабырлануучу милицияга кайрылып, 4-февраль күнү саат 4:00дөр чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан кафелердин биринин жанынан аны сабап салган белгисиз адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Жабырлануучу адам “оор контузия, гифема, гемосталима, сол көзүнүн склерасынын жарылуусу” диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү делип, 26 жаштагы М.С. кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом