Бишкекте чатырында тик учак конуучу аянтчасы бар бизнес-борбор курулат

03.02.2026 | 16:22

Бишкек шаарында биринчи жолу чатырында тик учак конуучу аянтчасы бар «Авиатор» бизнес-борбору курулат.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКынын басма сөз кызматы билдиргендей, комплексте бизнес-аянтчалар, кеңселер, ресторандар, бутиктер, мейманкана, ошондой эле стартаптар менен креативдүү индустрия өкүлдөрү үчүн мейкиндиктер жайгашат.

Жаңы технологиялык жана креативдүү бизнес-борборунун имараты учуу, динамика жана жогорку технологиялар темасын чагылдырган авиациялык стилде курулат.

Долбоордун өзгөчөлүгү — имараттын чатырында тик учак конуучу аянтчанын болушу. Бул борбордун жогорку деңгээлдеги тейлөөгө жана мобилдүүлүккө багытталганын көрсөтөт.

«Asman Airlines» авиакомпаниясы Бишкек шаары жана анын тегерегиндеги аймактарга сейилдөө жана бизнес багытындагы тик учак каттамдарын ишке ашырууну пландап жатат. Бул максаттар үчүн компания жакынкы арада тик учак сатып алууну көздөөдө.

«Авиатор» долбоору бизнес, инвесторлор жана борбор калаанын коноктору үчүн жаңы тартуу борборуна, ошондой эле заманбап, амбициялуу жана инновацияларга ачык Бишкектин символуна айланууга тийиш», — деп билдирди «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

Scroll to Top