Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндөАшуулардагы абал: бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жокКыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгат
Бишкекте чыккан өрт өчүрүлдү
08.03.2023 | 19:30
Бишкек шаарында жайгашкан 2 кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 19:04тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, борбор калаанын Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2 кабаттуу имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Имараттын 1-кабатында дүкөн, ал эми 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Өрт имараттын чатырын жана 2-кабатын каптаган.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:37ден тарта ӨКМден жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 17:37де чектөөгө алынган. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар