Бишкекте чоң имаратты өрт чулгады

Бишкекте чоң имаратты өрт чулгады

Бишкек шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Бүгүн, 8-март күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык аталган жайдын 1-кабатында дүкөн, 2-кабатында тигүүчү кичи ишкана (цех) жайгашкан. Өрт имараттын чатыры жана 2-кабаттагы цехти каптап, болжол менен 200 чарчы метр аянты өрттөнгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:39дан тарта Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм, Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 17:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: өрт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>