Борбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаны алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылды
Бишкекте чыккан өрт өчүрүлдү
08.03.2023 | 19:30
Бишкек шаарында жайгашкан 2 кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 19:04тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, борбор калаанын Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2 кабаттуу имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Имараттын 1-кабатында дүкөн, ал эми 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Өрт имараттын чатырын жана 2-кабатын каптаган.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:37ден тарта ӨКМден жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 17:37де чектөөгө алынган. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар