Футбол: Кыргызстандын суперкубогун “Алай” командасы жеңип алды

Футбол: Кыргызстандын суперкубогун “Алай” командасы жеңип алды

Кыргызстандын футбол боюнча суперкубогун Оштун “Алай” командасы жеңип алды. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Бүгүн, 8-март күнү Ош шаарынын  А.Суюмбаев атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын суперкубогун “Алай” футболдук клубу жеңип алды. Суперкубок үчүн беттеш салтка айлангандай жаңы футбол сезонунун башталышында өткөрүлөт.

Мурдагы сезондо өлкөнүн чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалар беттешет. 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпиону жана кубоктун ээси “Абдыш-Ата” ФК болгон. Буга байланыштуу суперкубок үчүн беттеште Абдыш-Атанын атаандашы 2022-жылдагы өлкө чемпионатында 2-орунду ээлеген Оштун “Алай” командасы болду.

Оюндун жүрүшүндө беттештеги жалгыз голду борбордук чабуулчу Рыскелди Артыкбаев киргизди.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>