Чолпон-Атадагы ат майданы капиталдык оңдоодон өтүүдө

15.06.2026 | 11:05
В Чолпон-Ате капитально ремонтируют ипподром — Новости Кыргызстана

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ат майдандын VIP-зонасы, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлары жана жер төлөсү жаңыланууда. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлар оңдолуп, инженердик тармактар жана кире бериштеги кафель жабуулары толугу менен алмаштырылууда.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев оңдоо иштерин текшерип, аны белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырган. Иштер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Маалымат үчүн: Чолпон-Ата ат майданы 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Объект 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жаңыланган. Бул жолку оңдоо иштери комплексти андан ары модернизациялоо максатында жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Scroll to Top