Бүгүн Кемпир-Абад боюнча келишим парламентте каралат

Бүгүн Кемпир-Абад боюнча келишим парламентте каралат

Бүгүн, 10-октябрда саат 11:00до Жогорку Кеңештин жыйындар залында эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин кезексиз жыйыны өтөт.

Отурумда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишим каралат.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча протоколго кол койгон. Андан кийин коомчулукта «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилди» деп айтыла баштагандыктан, Өзгөндө президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуу өткөргөн. Ага карабай, бул маселе боюнча коомдук нааразычылык токтобой, эки өлкө ортосундагы келишимди ачыктоо талабы айтылган. Мындан улам, президент Садыр Жапаров келишимди «Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бергенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>