Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
«Түндүк» тиркемесинде шайлоочулар үчүн жаңы кызмат ишке кирди
15.06.2026 | 15:21

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жарандар үчүн жаңы «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ачылды. Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматында, бул чечим мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Аталган кызмат аркылуу шайлоочулар онлайн режимде төмөнкү маалыматтарды ала алышат:
- шайлоо участогу тууралуу маалымат;
- мурда берилген арыздардын тизмеси;
- каттоонун которулганы боюнча маалыматтар.
Буга чейин аталган кызмат өзүнчө веб-сайт аркылуу көрсөтүлүп келсе, эми ал «Түндүк» тиркемесине кошулду. Жаңы функция тиркемеде каттоодон өткөн бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Tunduk