Кыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырдыАскер прокурору Кытайдын атташеси менен аскердик кызматташтыкты талкуулады
Ат-Башыда 7 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
18.06.2026 | 11:48

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын облусунун Ат-Башы районунда токой фондуна жана жайыт жерлерине кирген 7 гектар жерди мамлекеттин балансына кайтарды.
Атайын кызматтын маалыматында, текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аталган жер тилкесин жеке менчикке берүү тууралуу чечимдери мыйзамсыз экени аныкталган. Бул аракеттер жер мамилелерин, жайыттарды жана токой ресурстарын жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына каршы келери такталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом