Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте 27-28-февраль кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:

  1. Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
  3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

2021-жылдын 27-28-февралында өтүүчү жарманкедеги азык-түлүктүн баалары:

Уй эти – 390-405 сом;

Жылкы эти — 380-390 сом;

Кой эти — 410 сом;

Тоок эти — 190-200 сом;

Суу май (раст масло) — 118-125 сом;

Жумуртка 10 даана — 85-90 сом;

Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом;

Кумшекер — 56-57 сом;

Күрүч — 55-60 сом;

Алма — 30-50 сом;

Сабиз — 10-12 сом;

Картөшкө — 23-30 сом;

Пияз — 15-16 сом.

Жарманкеге катышууну каалагандар үчүн байланыш номерлери: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>