Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды
09.11.2023 | 15:39
Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге “Тазалык” ишканасынан ырасташты.
Ымыркайды ишкананын кызматкерлери эмес, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары 8-ноябрда саат 23:30да байкашкан. Алар баланын үнүн угуп, милиция чакырышкан.
Ымыркай суукта үшүп калган. Учурда абалы туруктуу.
Октябрь райондук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, бөбөк №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар