Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Бишкекте «Хонда-Одиссей» унаасын уурдаган жаран камакка алынды
08.12.2021 | 10:45
Борбор калаанын милициясынын ыкчам кызматкерлери унаа уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Милицияга арыз менен кайрылган жабырлануучу 3-декабрь күнү түштөн кийин Сухомлинов көчөсүндөгү үйүнүн короосунан «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду», – деп айтылат маалыматта.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык милициясынын экинчи бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери 40 жаштагы шектүүнү таап, кармашкан. Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү СИЗО-1ге 20 суткага камакка алынды. Уурдалган унаа Ленин районунун аймагынан табылып, ээсине кайтарылып берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар