Кыргызстанда күндөн энергия алуучу станциялар курулат

Кыргызстанда күндөн энергия алуучу станциялар курулат

Кыргызстандын түштүк аймагында күндөн энергия алуучу станция куруу үчүн учурда жер каралып жатат. Бул туурасында Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, түштүк тарапта 300 мегабайт электр энергия ала тургандай станция курулат. Ушул тапта жер караштырып жатышат.  Ал эми Ысык-Көл облусунун аймагында күндөн 500 мегабайт электр өндүрө турган станциянын да курулушу күтүлүүдө. Бул кийинки жылдын соңунда ишке ашып калат деп божомолдонууда.

“Ушул тапта электр энергиясы боюнча программа иштелип чыккан. Анын ичинен өзүн багыт катары “биоэнерго”- деп күндүн энергиясы боюнча иштелип чыкты. Айрым бир мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизе турган болсок, күндөн энергия алуу багыты да өнүгөт эле”— деп кошумчалады Айталиев.

Кыргызстанда кошумча энергия алуу булактарын пайдаланылбай келе жатканы сынга алынып келүүдө. Шамал, күн энергиясын, биогазды колдонсок болоору көптөн бери айтылып жүрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>