Айдоочулар кышка даярдангыла: ЖКККББ унааларды өз убагында текшерүүгө чакырды“Кырк Ууз” партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарттыМедер Абакиров ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугуштуКыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо. Жаңы үмүт, жаңыча ыкмаларБекешев: Курулуш министрлиги Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сыртындагы кондиционерлерди алып салууну көздөөдөМектептерге башталгыч класстар үчүн жаңы окуу китептери таркатылууда
Бишкекте милиция чөнтөкчүнү кармады
22.11.2023 | 11:01
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-октябрда Бишкекте каттамдагы кичи автобустун ичинен белгисиз адамдар аял кишинин 12 миң 985 сом акчасы салынган капчыгын уурдап кеткен. Бул окуя боюнча аял киши милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринни натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал 2 айга тергөө абагына камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0 (505) 106 565, 0(702) 071 263, 0(703) 333 201 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз