Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри жана ИИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКазакстандын энергосистемасындагы мүчүлүштүктөн улам Кыргызстан убактылуу обочолонгон режимде иштеди — УЭТАжылык-2027: Сауд Арабиясы зыяратчыларга медициналык талаптарды койдуГ. Айтиев атындагы музейде Бишкектин тарыхына арналган лекция өтөтКыргызстанда угуусу начар балдар үчүн 30 млн сомдук сүйлөө процессорлору сатылып алындыБишкекте электр энергиясында мүчүлүштүктөр болду — Энергетика министрлиги себептерин тактоодо
Кыргызстандын суу ресурстарынын 83 пайызы четке агып кетет
22.11.2023 | 10:46
Кыргызстандын суу ресурстарынын 17 пайызын гана колдонот. Бул тууралуу депутат Эмилбек Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал глобалдык жылуулук маселесин эске алуу менен, суу министрлигин түзүп, атайын кодекс иштеп чыгууну сунуштады.
“Суулардын 15-17 пайызын колдонобуз. Анын дагы көп бөлүгү суугатка пайдаланылат. Калган 83 пайызы кошуна мамлекеттерге агып кетет. “Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот”, – демекчи, аяр мамиле менен пландуу иш алып баруу мезгили келди”, – дейт ал.
Депутаттар дыйкандар суугат мезгилинде сууга муктаж болуп жатканын, арык-каналдар оңдолбой жатканын кошумчалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом