Баткенде 52 тургунга бизнес ачуу үчүн 1 млн сомго чейинки гранттар берилди

Баткенде 52 тургунга бизнес ачуу үчүн 1 млн сомго чейинки гранттар берилди

Баткенде 52 ишкер 1 млн сомго чейин гранттарды алышты. Каражат тургундарга БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы «Жаңырейшн аймак» долбоорунун алкагында берилген. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын жергиликтүү тургундарды колдоо максатында грант берүү демилгеси коронавирус пандемиясынын кесепеттерин азайтуу иштеринин уландысы болуп саналат.

Жыл башынан бери Баткен облусунда аталган долбоордун алкагында грант алуу үчүн 2 миңден ашык жарандан арыз түшкөн.

Жыйынтыгында 52 тургун бизнес ачуу үчүн 1 млн сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышкан. Грант алууга талапкерлерди тандоодо иш баштап жаткан аялдарга, чет өлкөдөн келген мигранттарга жана жаштарга көңүл бурулган.

Грант алгандардын көбү билим берүү, туризмди өнүктүрүү, эмерек жасоо, тигүү жана ширетүү, кондитердик  цех, унаа оңдоо, айыл чарба кызматтарын көрсөтүү жана дыйканчылыкты өнүктүрүү тармагында иштөөдө.

Кызыктуу демилгелердин арасында таштандыны кайра иштетүү, Каравшин капчыгайында альпинисттер үчүн глэмпинг аянтчасын куруу долбоорлору бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>