Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Бишкекте милиция чөнтөкчүнү кармады
22.11.2023 | 11:01
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-октябрда Бишкекте каттамдагы кичи автобустун ичинен белгисиз адамдар аял кишинин 12 миң 985 сом акчасы салынган капчыгын уурдап кеткен. Бул окуя боюнча аял киши милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринни натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал 2 айга тергөө абагына камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0 (505) 106 565, 0(702) 071 263, 0(703) 333 201 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз