Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө арналган форум өтөт

09.11.2023 | 20:10

Жаратылыш ресурстар министрлиги ЮНИСОН ГРУПП, ПРООН жана Жашыл альянс менен биргеликте Бишкекте климаттын өзгөрүүсү боюнча “Кыргызстан Климаттын өзгөрүүсү боюнча ТК-28 алдында: өнүгүү позициялары боюнча диалог” аттуу улуттук форум өткөрөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун максаты – климаттын өзгөрүүсү боюнча Тараптардын Конференциясынын 28-жыйынынын алдында министрликтердин жана ведомстволордун, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коом институттарынын позицияларын координациялоо үчүн диалог аянтчасын түзүү.

БУУнун Башкы Ассамблеясында ТК-28 бюросу күн тартибин сунуштап, температуранын 1,5 градустан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн “чыгаруулардын гигатондорун кыскартуу” үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды.

ТК-28 төрагалыгы төрт багытта иш-аракет кылууга чакырды:

– энергетикалык өнүгүүнү тездетүү;

– климаттык каржылоону жөнгө салуу;

– жаратылышка, адамдарга, жашоого жана тиричиликке көңүл буруу;

– толук камтуу.

Форум 2023-жылдын 10-ноябрында саат 09:00дөн 17:30га чейин Hyatt Regency мейманканасында мамлекеттик, эл аралык, жеке жана академиялык секторлордун жүздөн ашуун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top