Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
«Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
09.11.2023 | 19:35
Бишкек — Ош автоунаа жолунун “Сосновка” жана “Арал” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга бүгүн саат 11:40 чектөө киргизди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жолдун Ала-Бел ашуусунда кар калың жаганына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган.
Жеринде №23 жол тейлөө кызматы айдоочуларга ыңгайлуу шарт жаратуу максатында жолго кум себүү жана карды тазалоо жумуштарын алып барышууда.
ӨКМ узак жолго чыккан айдоочулар “112” бирдиктүү номери аркылуу жолдогу акыркы кырдаал тууралуу маалымат алып, андан соң узак жолго чыгууну сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар