Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстан боюнча 49 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда
09.11.2023 | 21:29
Жайыл районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын эки филиалы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ачылыш саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтүп, ал өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын айтымында, жалпысынан өлкө боюнча 49 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда, аларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар