Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө арналган форум өтөт

Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө арналган форум өтөт

Жаратылыш ресурстар министрлиги ЮНИСОН ГРУПП, ПРООН жана Жашыл альянс менен биргеликте Бишкекте климаттын өзгөрүүсү боюнча “Кыргызстан Климаттын өзгөрүүсү боюнча ТК-28 алдында: өнүгүү позициялары боюнча диалог” аттуу улуттук форум өткөрөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун максаты — климаттын өзгөрүүсү боюнча Тараптардын Конференциясынын 28-жыйынынын алдында министрликтердин жана ведомстволордун, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коом институттарынын позицияларын координациялоо үчүн диалог аянтчасын түзүү.

БУУнун Башкы Ассамблеясында ТК-28 бюросу күн тартибин сунуштап, температуранын 1,5 градустан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн «чыгаруулардын гигатондорун кыскартуу» үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды.

ТК-28 төрагалыгы төрт багытта иш-аракет кылууга чакырды:

— энергетикалык өнүгүүнү тездетүү;

— климаттык каржылоону жөнгө салуу;

— жаратылышка, адамдарга, жашоого жана тиричиликке көңүл буруу;

— толук камтуу.

Форум 2023-жылдын 10-ноябрында саат 09:00дөн 17:30га чейин Hyatt Regency мейманканасында мамлекеттик, эл аралык, жеке жана академиялык секторлордун жүздөн ашуун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>