Бишкекте “Лексус-570” унаасынан ок чыгарган жаран кармалды
Бишкектин Фатьянов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанында “Лексус-570” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мылтыктан ок чыгарган. Окуя 6-декабрда саат 00.40тар чамасында болгон.
Бишкек ШИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери бейбаштыкка шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал 1984-жылы туулган Ш.А болуп чыкты. Милиция кызматкерлери анын «Лексус-570» үлгүсүндөгү унаасын тинтүү учурунда белгисиз маркадагы ок атуучу куралдын 38 огун жана 21 огу менен газ-травматикалык тапанча табышкан.
Кармалган адам жана куралдар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
[image_carousel source=”media: 113586,113584,113587″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]