Алимбеков Атазовго: Спортчу болсоң “эркекче” колду кысып куттуктап, утулганды бил

Алимбеков Атазовго: Спортчу болсоң “эркекче” колду кысып куттуктап, утулганды бил

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков кесиптеши Шайлообек Атазовдун 28-ноябрда Төлөйкөн районундагы депутаттарды шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча билдирүүсүнө жооп берди.

Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин трибунасын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууда экенин билдирди.

“Кесиптешим Төлөйкан округунда өтө ыплас шайлоо өткөрдү. Бир эле мисал, шайлоого беш күн калганда Фуркат айылындагы биздин штаб жетекчиге өзү телефон чалып, оозго алгыс сөздөр менен коркутуп, 23.30да спортчу балдарын жиберди. Бул иш боюнча ыкчам иштер жүргүзүлдү, учурда иш прокуратурада турат”, — деди Алимбеков.

Депутат Алимбеков Атазов аны 10 жыл бою коррупциялык иштерге малынган деген айыптоосуна жооп кайтарды.

“Үгүт маалында Ош шаарында Атазовдун көрнөк-жарнактары жайнап кетти. Меникинен эки эсе көп, ал акчалар каяктан келди? Ал каражаттар кайсы булактан келип жатканын эл жакшы билет. Анткени Атазов өзүнүн күнөөсүн башка адамдарга өткөрүүнү жакшы өздөштүрүптүр. Эгерде ал 17 миң добушту айтса, анда мага 19 миң шайлоочу добуш берген. Спортчу болсоң “эркекче” колду кысып куттуктап, жеңилгениңди моюнга алууң керек. Менин командам ишти мыкты алып барды жана үгүт маалында бир тыйын акча таратылган жок. Эгер акча таратуу болсо мындан башкача жыйынтык болмок”, — деп кошумчалады Нурбек Алимбеков.

Буга чейин Атазов №8 Төлөйкөн округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча кайрылуу жасаган. Ал ошол эле шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Нурбек Алимбеков тарабынан мыйзам бузуу фактыларына көңүл бурбаганын айтып, жергиликтүү прокурорго чара көрүүнү суранган.

Алимбеков да, Атазов да Төлөйкөн районунан парламенттик шайлоого ат салышкан. Алдын ала жыйынтыктар боюнча аталган округда Алимбеков алдыңкы орунда турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>