Бишкекте «Лексус-570» унаасынан ок чыгарган жаран кармалды

Бишкекте «Лексус-570» унаасынан ок чыгарган жаран кармалды

Бишкектин Фатьянов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанында «Лексус-570» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мылтыктан ок чыгарган. Окуя 6-декабрда саат 00.40тар чамасында болгон.

Бишкек ШИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери бейбаштыкка шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал 1984-жылы туулган Ш.А болуп чыкты. Милиция кызматкерлери анын «Лексус-570» үлгүсүндөгү унаасын тинтүү учурунда белгисиз маркадагы ок атуучу куралдын 38 огун жана 21 огу менен газ-травматикалык тапанча табышкан.

Кармалган адам жана куралдар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>