17 чиновник бийликти басып алды деп соттолгон. Баары эмнеге акталды?

17 чиновник бийликти басып алды деп соттолгон. Баары эмнеге акталды?

Мамлекетти басып алуу боюнча 17 кишиге иш козголгон, баары тең акталган, бирок, 17 кишиге иш козгогон бир да иликтөөчү прокурор соттолгон эмес. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев парламентте айтып чыкты.

Ал “1. Урмат Барктабасов 4 жылга соттолгон. Кийин акталды. 2. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов 1,5 жылга кесилген. Үчөө тең акталды. 3. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров кесилген, жакында акталды. 4. Дастан Сарыгулов, Эрнис Карыбеков кесилген, алар да жакында акталды. 5. Бекболот Талгарбеков, Толубай Кулубаев, Марат Султанов, Александр Гусев кесилген, жакында акталды. 6. Канат Исаев кесилген, ал дагы акталды. 7. Курсан Асанов, Жанар Акаев, Алмаз Атамбаевга иш процесси жүрүп жатат. 8. Бакыт Жетигенов. Демек, кылмыш кодекстин бул беренеси иштебейт. 17 адамга иш козголуп, баары тең акталган. Ошол иш козгогондор жаза алмайын, алар абакка отурмайын бул берене иштебейт. Мага Башкы прокуратуранын жообу керек, эмнеге алар ак жеринен адамдарды жылдап түрмөгө отургузушат. Алар булар үчүн эмнеге жоопко тартылышпайт?! Жоопко тартылышкандан соң гана Бакыт Жетигиновдун ишин карайлы” – деди Иманалиев.

Бакыт Жетигенов да Жогорку Кеңештин депутаты. Шайлоонун астында бийликти басып алууга камынып жатат деген шек менен кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда. Бүгүн парламент “Кумтөр” иши боюнча убактылуу кармоочу жайда отурган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигин караган. Ошол кезде Бакыт Жетигеновдун дагы кол тийбестигин кароо маселеси козголгон болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>