«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти
Бишкекте мектептин короосунан велосипед уурдаган учур видеого түшүп калды
08.09.2022 | 19:31
Белгисиз адам Бишкектеги №70 мектептин короосунан окуучунун велосипедин уурдап кеткен. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой кечээ, 7-сентябрда Биринчи май райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 14:40та белгисиз адам Бөкөнбаев көчөсүндө кара түстөгү Pantera үлгүсүндөгү велосипедди уурдап кеткенин билдирген. Велосипеддин баасы 20 миң сом болгон.
Аталган факт Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча каттоого алынган.
Учурда кылмышкерди аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Велосипедди уурдаган учур видеого түшүп калган. Видеодогу адамды тааныгандар милицияга кайрылсаңыздар болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда