Кеминде малга кара өпкө ылаңы жабыштыбы? Министрликтин жообу

Кеминде малга кара өпкө ылаңы жабыштыбы? Министрликтин жообу

Кеминде мал кара өпкө ылаңына кабылды деген маалымат жалган. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматы Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн Жел-Аргы кыштоосунда, массалык маалымат каражаттарына койлор “кара өпкө” (пастереллез) ылаңы менен ооруп, массалык түрдө өлүп жаткандыгы тууралуу тараган маалыматка ылайык төмөндөгүлөрдү билдирет:

Аталган маалыматты жеринен тактоо максатында, Кемин райондук ветеринардык башкармалыктын адистери эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, Жел-Аргы кыштоосунда жалпысынан 812 баш кой бар экени аныкталды. Койлордун семиздиги орто, ортодон төмөн. Бул август айындагы малдын семиздиги боюнча талапка жооп бербейт. Себеби, мал жайылуучу жайыт күнгөй тарапта жайгашкандыктан жайыт тарып, күндүн катуу ысып жаткандыгына байланыштуу жайыттагы чөп күйүп кеткендиги аныкталды. Жалпасынан малчылардын айтуусу боюнча, бул жерге көчүп келгендерине 4 ай болгон, төрт айдын ичинде 26 баш кой, козу чыгым болгон.

Ал эми, Кемин райондук ветеринардык кызматтын адистери жана малчылар Б. Абдыкалыков, И. Исмаилованын катышуусу менен койлорду жугуштуу ооруларга каршы клиникалык кароодон өткөрүлүп, жыйынтыгында койлордун жугуштуу оорулары кыргын (чума), күл (оспа), кара өпкө (пастереллез) ылаңдарына шектүү байкалган эмес. Ошондой эле кой эчкилерге эпизоотияга каршы пландын негизинде, өз учурунда жогурудагы ылаңдарга каршы эмдөө иштери жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү күндө жеринде гелминттик мите куртарга каршы дегельминтизация иш-чаралары жүрүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>